7-май Байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Кыргыз почтасы» ААКтын Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери үчүн Ташкент шаарына экскурсия уюштурулду.
Сапардын алкагында алар АК “Узпочта”нын башкы почтамтында өз үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына почта аркылуу кат жөнөтүп, кардар катары кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышты.
Алар маркалар менен открыткаларды сатып алып, жөнөтүү процессин өз көздөрү менен көрүштү.
Бул иш-чара кызматкерлердин кесиптик тажрыйбасын кеңейтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.




