Дүйнөлүк почта күнүнө карата Баткен облусунун Кадамжай районунда “Кыргыз почтасы” ААК жергиликтүү бийлик менен биргеликте үч жаңы почта бөлүмүнүн ачылыш аземин өткөрдү. Заманбап байланыш түйүндөрү Алга, Көтөрмө жана Жийделик айылдарында иштей баштады.

Салтанаттуу иш-чарага “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мирлан Айтматов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы бөлүмдөр аймактык тургундар үчүн почта, логистика жана финансы кызматтарын жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып сунуштайт. Бул демилге айылдардагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — Жийделик айылындагы бөлүм жергиликтүү элдин жана жаштар уюмунун демилгеси менен “Кыргыз почтасы” ААКнын колдоосу аркылуу курулган.