Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 11-июлунда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (мындан ары — Дүйнөлүк банк) «Каржы секторун өнүктүрүү» (ПРФС P125689) долбоорун ишке ашырууну каржылоо үчүн кредит жана грант алган. Долбоордун негизги компоненти катары (2-компонент) — «Кыргыз Почтасынын» (КП) филиалдык тармагы аркылуу каржылык кызматтарды кеңейтүү каралган. Бул компонент учурдагы почта кызматын экономикалык жактан натыйжалуу, негизги каржылык кызматтарды көрсөтүүчү каналга айландырууга шарт түзөт, бул кызматтар калктын жакыр катмарына жана айылдык жамааттарга жеткиликтүү болушу үчүн багытталган.

Азыркы учурда «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы көрсөткөн каржылык кызматтар негизинен ички акча төлөмдөрү жана төлөмдөрдү кагаз жүзүндө иштетүү менен чектелет. Бул кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • мамлекеттик пенсиялар жана социалдык камсыздоо (жардамдар) боюнча акча каражаттарын бөлүштүрүү;
  • коммуналдык кызматтар, телекоммуникация компаниялары, салыктар, Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча айыппулдар жана мектеп акысы үчүн накталай акча чогултуу;
  • ички жана эл аралык почта акча которуулары жана башка акча которуулар.

Компоненттин максаты — «Кыргыз Почтасынын» учурдагы ишмердүүлүгүн базалык каржылык кызматтарды жайылтуучу пайдалуу жана туруктуу рыноктук каналга айландыруу.

Компонент 2нин негизги милдеттери – «Кыргыз Почтасынын» филиалдык тармагы аркылуу каржылык кызматтарды кеңейтүү:

  1. Каржылык башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу:
    • Финансылык башкаруунун негизги системаларын жакшыртуу. Бул багытта бухгалтердик эсеп, өздүк наркты эсептөө, активдерди башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана кадрлар, бюджет түзүү жана аткаруу тартиби, ички аудит жана ички көзөмөл боюнча колдонмолор, 3 жылдык жана 1 жылдык стратегиялык аудит планы иштелип чыккан.
    • Финансылык отчеттуулукту Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык даярдоого жана тышкы аудиттерди өткөрүүгө колдоо көрсөтүү.

2016–2017-жылдар үчүн КПнын финансылык отчеттуулугуна МСФО стандарттары боюнча аудит жүргүзүлүп, жыйынтыктары www.post.kg расмий сайтына жайгаштырылган.

  1. Кичине суммалуу каржылык операциялар үчүн кагаз түрүндөгү бизнес-процесстерди кайра уюштуруу:
    • ИКТ компоненттерин орнотуу. «BAIP» компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, почта технологиялары (программалык продуктылар жана жабдуулар) аркылуу финансылык кызматтарга жетүүнү кеңейтүү үчүн КП жабдалып жатат. Бул подкомпонент кичине төлөмдөр агымын оптималдаштыруу жана заманбап ИКТ инфраструктурасын түзүүгө багытталган. Бул кызматтардын сапатын, өз убагында көрсөтүлүшүн, ишенимдүүлүгүн жана пайдалуулугун жогорулатат.
  2. Каржылык кызматтардын көлөмүн жана түрлөрүн кеңейтүү:
    • Каржылык кызматтарды башкаруу боюнча потенциалды калыптандыруу.
    • Ребрендинг алкагында долбоордун колдоосу менен «Кыргыз Почтасы» үчүн Бренд китеп иштелип чыккан. Ал — бардык почта бөлүмдөрү жана медиа каражаттар үчүн эффективдүү жана заманбап бренд саясатын жана визуалдык колдонмолорду камтыган жетекчилик. Ал визиткалардан баштап жарнак, таңуу, белги жана башка бардык фирмалык коммуникациялар үчүн так көрсөтмөлөрдү берет.

Кыргызстандагы почта системасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар:

  • Окутуу класстарын түзүү аркылуу кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу.
    – Почта кызматтарынын сапатын, ыкчамдыгын, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, ошондой эле кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу жана кайра даярдоо зарылдыгын эске алуу менен, Бишкек, Балыкчы, Жалал-Абад жана Ош шаарларында заманбап компьютердик жана тармактык жабдуулар, кеңсе эмеректери менен жабдылган класстар ачылат.
    – Окутуу очно жана онлайн режиминде өткөрүлөт.
  • Туруктуу билим берүү системасын түзүү жана бардык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрдык потенциалды өстүрүү.
    – Жалпысы 1200 кызматкер окутулат:
    • операторлор;
    • почта бөлүмдөрүнүн менеджерлери;
    • бэк-офис жана башкы кеңсенин адистери.

Окутуунун негизги максаты – кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо.

  • «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын каржылык башкаруусун чыңдоо:
    – ERP (финансылык башкаруу) программалык камсыздоону натыйжалуу иштетүү үчүн кошумча жабдуулар менен камсыздоо.