Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу жана “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан бекитилген коррупцияга каршы иш-чаралар планын аткаруу максатында Талас райондук филиалында почта кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу, мыйзам талаптарын так сактоо, кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик жана ачык-айкындык принциптеринин негизинде аткаруу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү почта кызматтарынын сапатын жогорулатуу, кардарларга сылык-сыпаа мамиле кылуу жана кассалык операцияларды өз убагында, так жана ыкчам жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, кызматтык этиканы жана мыйзамдуулукту бекем сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жарандарга сапаттуу, ишенимдүү жана ачык-айкын кызмат көрсөтүү ар бир почта кызматкеринин негизги милдети экендиги белгиленди.


