Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев өзүнүн командасы менен биргеликте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жана мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты. Өзгөчө көңүл санариптик трансформацияга жана почта инфраструктурасын модернизациялоого бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин билдирип, өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.


