“Кыргыз почтасы” ААК китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана шаардык китепканалардын фондун толуктоого багытталган кайрымдуулук акциясын уюштурду.

Акциянын алкагында бардык почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле ишкананын борбордук кеңсесинде китеп чогултуу үчүн атайын кутучалар орнотулду. Китептерди почтанын кызматкерлери, ошондой эле почта бөлүмдөрүнө келген каалоочулар тапшырышты.

Чогулган бардык китептер №18 шаардык китепканага өткөрүлүп берилди. Бул демилге билимге жеткиликтүүлүктү колдоого, калк арасында китеп окууну жайылтууга жана “Кыргыз почтасы” менен шаардагы социалдык маанилүү мекемелердин ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.