“Кыргыз почтасы” ААК коррупцияга жол бербөө саясатын карманат жана бардык бөлүмдөрүндө ачыктыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча иштерди туруктуу жүргүзүп келет.
Анын алкагында “Кыргыз почтасы” ААКтын контролдоо-ревизиялык башкармалыгынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Сокулук райондук филиалында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө филиалдын мурдагы башкы эсепчиси 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мезгилде кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын өзүнүн жеке банктык эсебине мыйзамсыз которуп турганы аныкталды.
Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 15 млн сомду түздү. Каражаттын бир бөлүгү жеке максаттарга, анын ичинде Ысык-Көл облусундагы кыймылсыз мүлктү сатып алууга жумшалган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана келтирилген зыянды кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.