Бишкек шаарында ШКУнун алкагындагы интеграцияны тереңдетүү максатында Кыргызстан менен Кытайдын медиа коомчулугунун кызматташтыгына арналган Кыргыз-кытай медиафоруму болуп өттү. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бизнес чөйрөсүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова почта кызматтарын санариптештирүү жана электрондук коммерция жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу баяндама жасады. Анда логистикалык инфраструктураны модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды.
“Кыргыз почтасы” ААК мындан ары да санариптик кызматтарды өнүктүрүү, кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоо жана калк менен бизнес үчүн логистикалык чечимдерди өркүндөтүү багытындагы иштерди улантат.





