Бишкек шаарында Кыргыз-Кытай (Синьцзян) товарлар көргөзмөсү – 2026нын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана Кыргызстан менен Кытайдан келген 100дөн ашык компания катышты. “Кыргыз почтасы” ААК да көргөзмөнүн ачылышына катышты.
Көргөзмө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушуусуна, жаңы байланыштарды түзүүгө жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Катышуучулар өздөрүнүн товарларын жана долбоорлорун тааныштырып, соода, инвестиция, логистика жана электрондук соода тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“Кыргыз почтасы” ААК кытайлык өнөктөштөр менен кызматташууну, өзгөчө почта логистикасы жана электрондук соода багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар. Мындай иш-чараларга катышуу жаңы өнөктөштөрдү табууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.



