Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык ШКУ Run the Silk Road марафонуна дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн 3 000ге жакын спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышты.
Жарыш Ысык-Көлдүн кооз жээгинде, деңиз деңгээлинен 1 600 метр бийиктикте өттү.
«Кыргыз почтасы» ААКнын кызматкерлери бул ири спорттук иш-чарага активдүү катышышты.
Айрыкча, биздин кесиптешибиз Максат Омуралиевдин 10 км скандинавиялык басуу дисциплинасында үчүнчү орунду ээлеши биз үчүн чоң сыймык.
Биз Максатты бул жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бардык кызматкерлерибизге спортко болгон кызыгуусу жана дени сак жашоо образын карманганы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Сиздердин мисал компаниябыздын командалык рухун бекемдеп, башкаларга дем берет.





