Бүгүн 31-октябрь, 2024-жыл «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борбору эл аралык бизнес боюнча вице-президент Свен Кукемельк башында турган Эстония почтасынын делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана анын командасы Кыргыз Республикасындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Жолугушуунун катышуучулары аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, кызматташтыктын олуттуу жогорулагандыгын белгилешти, ошондой эле өлкөнүн ичинде да, Борбордук Азия өлкөлөрүнө да электрондук коммерцияны жеткирүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалына көңүл бурушту.
«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жемиштүү кызматташуу үчүн делегация мүчөлөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун аягында ал кызматташуу үчүн ыраазычылык катын тапшырды, бул биздин биргелешкен жетишкендиктерге болгон умтулуубузду билдирет.