Москва шаарында Байланыш тармагындагы Регионалдык Шериктештиктин (РСС) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган юбилейлик форум болуп өттү. Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук почта операторлору, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана байланыш, санариптик технологиялар жана логистика тармагындагы адистер катышты. Иш-чарада почта тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү, электрондук коммерция, логистика жана маалыматтык коопсуздук маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында юбилейлик сыйлыктар тапшырылды. “Кыргыз почтасы” ААК почта тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, эл аралык кызматташтыкты бекемдегени жана РССтин ишине активдүү катышканы үчүн РССтин юбилейлик медалы менен сыйланды.

Бул медаль “Кыргыз почтасы” ААКнын жамаатынын почта кызматтарын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытындагы эмгегине берилген жогорку баа болуп саналат. «Кыргыз почтасы» ААК РССке ыраазычылык билдирип, мындан ары да почта тармагын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишин улантат.