2024-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз почтасы» ААК 60тан ашуун кызматкердин, анын ичинде борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана аймактык филиалдардын жетекчилеринин катышуусунда тажрыйба алмашууга багытталган экскурсия өткөрдү.
Иш-чара Бишкек шаарындагы №5 жана №73 почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун филиалында өткөрүлүп, катышуучулар бул бөлүмдөрдүн иши менен жакындан таанышышты.
Өзгөчө көңүл почта жөнөтүүлөрүн, анын ичинде мамлекеттик маанидеги документтерди магистралдык багыттар боюнча кабыл алуу, иштетүү жана жеткирүү процесстерине бурулду.
Экскурсия учурунда почта жөнөтмөлөрүн кабыл алууну оптималдаштырууга багытталган Face ID системасынын иштеши көрсөтүлүп, саатына 160 миң жөнөтмөгө чейин иштей алган жогорку ылдамдыктагы сорттоочу жабдуу менен жабдылган “А” класстагы жаңы логистикалык борбор тааныштырылды.
Бул иш-чара «Кыргыз почтасынын» түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда мыкты тажрыйбаларды жайылтууга жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.










