Бүгүн 14-ноябрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары республикалык бюджеттин эсебинен министерстволор жана ведомстволор үчүн сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө барышты.
Көргөзмө Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында уюштурулган. Анда «Кыргыз почтасы» ААКтын кытайлык инвесторлор менен биргеликте алынган жүргүнчүлөрдү жана почта жүктөрүн ташуучу автобустарыда көрсөтүлдү.