Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аймактар аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга арналган VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө.

“Кыргыз почтасы” ААК форумдун ишине активдүү катышууда. Тематикалык сессиянын алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова баяндама жасап, компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн, почта-логистикалык тармакты өнүктүрүү багыттарын жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын тааныштырды.

Форумга катышуу “Кыргыз почтасы” ААКнын заманбап логистикалык чечимдерди өнүктүрүүгө, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана почта кызматтарынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт.