Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен “Белпочта” республикалык унитардык ишканасы почта кызматтары жана электрондук коммерция тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Документ эки өлкөнүн почта операторлорунун ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.
Меморандумдун алкагында тараптар электрондук коммерция товарларын почта каналдары аркылуу жеткирүү, почта жана курьердик кызматтарды өнүктүрүү, ошондой эле заманбап санариптик жана логистикалык чечимдерди киргизүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Өзгөчө көңүл жөнөтүүлөрдү көзөмөлдөө тутумдарын өркүндөтүүгө жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга бурулат.
Документке кол коюу кыргыз-беларусь кызматташтыгын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп, электрондук сооданы, почта логистикасын өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

