3-декабрь Эл аралык майыптар күнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган “Майыптарды инклюзивдик ишке орноштуруу” форуму болуп өттү. Иш-чаранын максаты коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо жана эмгек жамаатына аралаштыруу маселелерине буруу болгон.

Форумдун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКга “мыкты жумуш берүүчү 2024” ардактуу наамы ыйгарылды жана компания майыптыгы бар жарандарды иш менен камсыз кылып, алардын жашоосуна жагымдуу шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

Белгилей кетсек кыргыз почтасында 3000ден ашуун адам иштейт. Алардын негизги бөлүгүн аялдар түзүп, жамаатта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашуун кызматкерлер да эмгектенишет.