Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ошонун ичинде Кыргызстандык ишкерлердин жана өндүрүшчүлөрдүн билим деңгээлин, квалификациясын жогорулатуу ошондой эле онлайн соода аянтчалары аркылуу чек ара соода чөйрөсүндө товарларды жана кызматтарды сатууну көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү максатында «Кыргыз почтасы» ААКму “Табарман” бизнес аянтчасы менен биргеликте 2024-жылдын 26-июлунан 28-июлуна чейин Ысык-Көл облусунунда “E -com KG 2024” эл аралык форумун өткөрдү.

Форумга 1000ден ашык адам катыша алды. Бул иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана инноваторлорду, ошондой эле Эстония, Түркмөнстан жана Түркиянын почта уюмдарын бириктирди.

Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарынан видеоконференция аркылуу ачып берди. Ал өз сөзүндө электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланаарын айтты.

Форумда Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн жана логистикалык компаниялардын экспозициялары, электрондук коммерциялык рынокко тиешелүү тармактардын көргөзмөлөрү болуп өттү. Ошондой эле Кыргыз Республикасында чек ара соодасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү, Кыргызстандын ишкерлеринин учурдагы көйгөйлөрү, тенденциялары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкууланды.

Электрондук коммерция, логистика жана жүктөрдү тейлөө чөйрөсүндө жаңы продукцияларды түзүү ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашууну өнүктүрүү максатында Кыргыз почтасы менен Түрк почтасынын ортосунда келишим түзүлдү. Бул компаниялардын стратегиялык өнөктөштүгүнүн биринчи кадамы болуп саналат.

Белгилей кетсек “Кыргыз Почтасы” ААКму уюштурган, электрондук коммерцияны өүтүрүү максатындагы форум биринчи ирет 2023-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн.