2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) ортосунда 10 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Бул макулдашуу транспорттук логистиканы жакшыртуу жана ESG принциби боюнча климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында «Кыргыз почтасы» ААКнун автопарктарын жаңыртуу үчүн электр транспортторун жана электрдик заряддоо станцияларын киргизүү долбоорун колдоого багытталган.

Жалпы инвестициянын 7,5 миллион доллары электромобилдерди сатып алууга жана «Кыргыз почтасы» ААКнун зарыл инфраструктурасын түзүүгө бөлүнгөн. Бул «Кыргыз почтасы» ААКнун Кыргызстандагы эң ири жашыл логистикалык компаниялардын бири болуусуна жана логистикалык тармактын айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет. «Кыргыз почтасы» ААК ESG принциби боюнча иштөөгө ниеттенүүдө (ESG стратегиясы – бул үч негизги факторго негизделген компанияны башкаруу жана өнүктүрүү принциби. Бул факторлор ESG аббревиатурасын түзөт: Environment (экология жана айлана-чөйрө), Social (социалдык өнүгүү), Governance (корпоративдик башкаруу).

Белгилей кетсек калган 2,5 миллион АКШ долларына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кызматтык пайдалануу жана газды бөлүп чыгарууну азайтуу үчүн электромобилдер сатылып алынат.

Маалымат үчүн: 2022-2023-жылдар аралыгында бул долбоорду коргоо боюнча техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыгуу боюнча эбегейсиз иштер аткарылган. Ошону менен бирге «Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана министр Амангелдиев Данияр Жолдошевичтин жеке өзүнө ыраазычылык билдирет.

Долбоорду ишке ашыруу «Кыргыз почтасы» ААКна экологиялык жактан таза, энергияны үнөмдөөчү компания болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргызстандын абасынын сапатын жакшыртууга жана парник газдарынын эмиссиясын азайтууга, өлкөбүздүн жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет. Жалпысынан долбоор Кыргыз Республикасынын экономикасына жана экологиясына оң таасирин тийгизет.