Калк арасында сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу максатында бүгүн Бишкек шаарында «ONE RUN-2024» эл аралык жарым марафону болуп өттү. Марафон эртең мененки саат 7де Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталган. Болжол менен 2000ден ашуун адам катышкан бул иш чарага “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери дагы катышышты. Алар 21,1км, 10км, 5км чакырым аралыкта күч сынашышып, медальдар менен сыйланышты.
Жарым марафонду Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, «Run the Silk Road» эл аралык марафонунун дирекциясы, КРнын жеңил атлетика федерациясы жана спорттук массалык иш чаралардын уюштуруучусу -“Баатырлар Лигасы” уюштурган.
Белгилей кетсек жарым марафон бир эле учурда Египетте, Бразилияда, Камерунда, Катарда, Кытайда, Бахрейнде, БАЭде, Сербияда, Түркияда, Орусиянын 89 аймагында, Беларуста, Тажикстанда, Кытайда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө өтөрү белгиллүү болгон.