13-майда “ операциялык эффективдүүлүктү жогорулатуу жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү”- боюнча аймактык семинар Өзбекистандын Ташкент шаарында өз ишин баштаган. Бул (ORE 3) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн почта коопсуздугу боюнча өткөрүлгөн экинчи семинар. Семинарга “Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү да катышышууда.
Семинардын катышуучулары төмөнкү темаларды талкуулашат:
🔹 дайындалган операторлор тарабынан ORE долбоорунун улуттук жол карталары жана иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу абалы,
🔹катышууга дайындалган операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо жана сапатын жогорулатуу боюнча аныкталган көйгөйлөрдү талкуулоо,
🔹продукт интеграциялык планы жана физикалык кызматын өнүктүрүү,
🔹жалпы коопсуздук чаралары, S58/S59 стандарттарын ишке ашыруу,
🔹киберкоопсуздук
🔹бажы жана укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу.
Белгилей кетсек семинарга Дүйнөлүк почта Бирлигинин, регионалдык байланыш Шериктештиги, “ПостЕвропа” почта операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия почта кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 16-майда жыйынтыкталат.