“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Раззаков шаарына болгон иш сапарында Лейлек филиалына караштуу чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Сапардын алкагында Сүлүктү шаарындагы, ошондой эле Интернационал жана Кулунду калктуу конуштарындагы байланыш бөлүмдөрүнө барды.

Сапар учурунда жетекчи бөлүмдөрдүн иши, кызматкерлердин эмгек шарттары жана калкка почта кызматтарын көрсөтүү иштери менен таанышты. Жамааттар менен жолугушууда учурдагы маселелер, көйгөйлөр жана чек арадагы калктуу конуштарда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, почта тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган сунуштар талкууланды.

“Кыргыз почтасы” ААКнын чек арадагы бөлүмдөрүн өнүктүрүү жана колдоо компаниянын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Кызматкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана алыскы жана чек ара аймактарындагы тургундар үчүн почта кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.