“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Кара-Көл, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларындагы почта бөлүмдөрүнүн эмгек жамааттары менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Иш сапарынын негизги максаты бөлүмдөрдүн учурдагы ишмердүүлүгүн талкуулоо жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө почта кызматтарынын сапатын жогорулатуу, өндүрүштүк процесстерди өркүндөтүү, ошондой эле кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү маселелери каралды. Ошондой эле кызматкерлердин сунуш-пикирлерине жана ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому аймактык бөлүмдөргө жумушчу сапарларды мындан ары да улантат. Бул жолугушуулар эмгек жамааттары менен өз ара байланышты чыңдоого, иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкө боюнча почта тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.