21-июнда Бишкек шаарында ATS Cargo футзал боюнча Чемпиондор лигасынын 10-сезонунун финалдык этабы өттү. Турнирге 24 команда катышып, сезон бою жогорку даярдыгын, спорттук мүнөзүн жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

“Кыргыз почтасы” ААКнын командасы мелдеште ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жыйынтыгында 1-орунду ээледи. Чыңалган финалдык беттеште почта кызматкерлери Green Bell командасын 4:3 эсебинде жеңип, өздөрүнүн жогорку чеберчилигин, ынтымагын жана күчтүү командалык духун дагы бир жолу далилдешти.

Турнирдеги жеңиши үчүн “Кыргыз почтасы” ААКнын командасы 100 миң сом өлчөмүндөгү башкы акчалай сыйлыкка ээ болду. Бул ийгилик — команданын өжөр эмгегинин, максатка умтулуусунун жана жогорку натыйжаларга жетүүгө болгон аракетинин жыйынтыгы. «Кыргыз почтасы» ААК команданы татыктуу жеңиши менен куттуктап, жаңы спорттук жетишкендиктерди жана мындан аркы жеңиштерди каалайт.