“Кыргыз почтасы” ААКда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борбору менен биргеликте Донор күнү өткөрүлдү. Коомдун кызматкерлери акцияга активдүү катышып, ыктыярдуу түрдө кан тапшырып, адам өмүрүн сактап калууга өз салымдарын кошушту.
Кан тапшыруунун алдында бардык катышуучулар милдеттүү медициналык кароодон өтүшүп, гемоглобиндин деңгээли, кан тобу жана жугуштуу оорулар боюнча лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлдү. Донордук кан хирургиялык операцияларга муктаж бейтаптарга, төрөтү оор өткөн энелерге, ошондой эле онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган адамдарга абдан зарыл.
“Кыргыз почтасы” ААК кайрымдуулук акциясына катышып, донор болгон бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Ар бир тапшырылган кан адам өмүрүн сактап калууга жана жардамга муктаж адамдарга үмүт тартуулоого чоң салым кошот.




