Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Д.Ж. Амангелдиев өлкөнүн почта-логистика тармагын модернизациялоо жана санариптештирүү иштеринин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборуна барды.

Визитке Санариптик өнүктүрүү министри А.М. Жамангулов, Бажы кызматынын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү катышты.

«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору М. Черикчиев конокторго автоматташтырылган сорттоо линиясы, постаматтар, Face ID биометрикалык тутуму жана электрондук коммерция үчүн маалыматтык система менен онлайн логистиканы көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Бул борбор Электрондук коммерциянын Бирдиктүү борбору болуп саналат. Ал товар жеткирүүнүн бардык этаптарын ачык жүргүзүүнү, жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууну жана санарип кызматтарды кеңейтүүнү камсыздайт.

«Кыргыз почтасы» ААК логистикалык инфраструктураны жаңылоону жана санариптештирүүнү улантат.