“Кыргыз почтасы” ААКта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага кызматкерлер улуттук кийимде катышып, “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөдөн өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруунун алкагында борбордук аппараттын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди өздөштүрүү боюнча окутуу жана консультациялык иш-чаралар уюштурулган. Кызматкерлерге “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөгө даярдануу үчүн керектүү маалыматтар берилип, алар тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн.
Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, анын кесиптик чөйрөдө колдонулушун кеңейтүүгө жана кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга багытталды. “Кыргыз почтасы” ААК мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган иш-чараларды мындан ары да колдойт.







