2026-жылдын 10-апрелинде “Кыргыз почтасы” ААКтын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын алкагында Коомдун 2025-жылдагы финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, корпоративдик башкаруунун негизги маселелери каралып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттар аныкталды.
Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, акционерлер, Ички аудит кызматынын мүчөлөрү, көз карандысыз аудиторлор жана компаниянын жетекчилиги — “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директору Марат Черикчиев баш болгон курам катышты. Жыйындын жүрүшүндө жылдык отчет жана бухгалтердик (финансылык) отчеттуулук бекитилип, пайда бөлүштүрүү, ошондой эле башкаруу жана көзөмөл органдарынын ыйгарым укуктарын шайлоо жана тастыктоо маселелери каралды.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз почтасы” ААК негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча оң динамиканы көрсөтүп, туруктуу өнүгүүсүн улантты. Компания рыноктогу позициясын бекемдеп, эл аралык кызматташтыкты кеңейтип, санариптештирүү жана инфраструктураны модернизациялоо иштерин улантууда. Алдыңкы багыттардын катарына санариптик кызматтарды өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана финансылык туруктуулукту бекемдөө кирет.



