“Кыргыз почтасы” ААК товардык салымы бар эл аралык почта жөнөтмөлөрүн Америка Кошмо Штаттарына кабыл алуу жана жөнөтүү кайра жанданганын маалымдайт.
Эми Кыргыз Республикасынын жарандары “Кыргыз почтасы” ААКнын бөлүмдөрү аркылуу АКШга товар, белек жана уруксат берилген башка салымдары бар посылкаларды кайрадан жөнөтө алышат.
АКШ менен почта байланышынын кайра жанданышы калк үчүн эл аралык почта кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, товарларды жана жеке жөнөтмөлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле чек ара аралык электрондук сооданы өнүктүрүүгө кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
АКШга эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүнүн шарттары, колдонуудагы тарифтер, бажы талаптары жана тариздөө тартиби тууралуу кеңири маалымат “Кыргыз почтасы” ААКнын расмий сайтында — www.post.kg жайгаштырылган.
“Кыргыз почтасы” ААК эл аралык почта жөнөтмөлөрүнүн географиясын кеңейтүү, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен ишкерлерине почта кызматтарын ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган заманбап чечимдерди киргизүү боюнча ишин улантууда.