«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик почта башкармалыгынын башкы директорунун орун басары (вице-министр) Лю Цзюнь мырза жана анын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда чек аралык сооданы өнүктүрүү, электрондук соода рыногу, Дүйнөлүк почта союзунун алкагындагы кызматташтык жана алдыдагы Дүйнөлүк почта конгрессине даярдык маселелери талкууланды.
Айрыкча көңүл «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда ачыла турган жаңы почта алмашуу түйүнүнүн ачылыш аземине бурулду. Бул түйүн кыргыз-кытай чек арасы аркылуу почта жөнөтмөлөрүнүн үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздайт.
Мындан тышкары, Кытай делегациясы логистикалык борбордогу жаңы орнотулган сорттоо линиясынын иши менен таанышты.
Почта жана логистика тармагындагы кызматташтык мындан ары да кеңейип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.









