2025-жылдын 23-октябрында “Кыргыз почтасы” ААКта кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча салтанаттуу иш-чара өтүп, окутуулардан ийгиликтүү өткөн адистерге сертификаттар тапшырылды.
Компания кызматкерлердин кесиптик өсүшүнө өзгөчө көңүл бурат. Жыл башынан бери 22 окутуу курсу уюштурулуп, 1377 кызматкер билим алган — алардын ичинен 327 офлайн, 1050 онлайн форматта окуган.
Иш-чара кызматкерлерди шыктандырып, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган демилгелердин бир бөлүгү болду.



