MEGA & RSK Банктын кызматташуусу GovFinTech экотутумун өнүктүрүү боюнча кезектеги өнөктөштүккө чыйыр салды, тактап айтканда, «Кыргыз почтасы» ААК менен алака түздү.

Ресурстарды бириктирүү, анын негизги компоненттерин: улуттук рынокту, почта жана логистикалык инфраструктураны түзүүнү тез ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда финтех өнүмдөрүн гана эмес, электрондук коммерцияны да туруктуу өнүктүрүүгө басым жасалмакчы. Кызматташуу долбоорунун кеңсесинде белгиленгендей, бул өнөктөштүк кызматташтыктын ар бир негиздөөчү компаниясынын санариптик экотутумдарын бекемдөө жана «Кыргыз почтасынын» санариптик трансформациясын тездетүү максатында иштелип чыкты.