2025-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында жайгашкан «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборунун базасында жумушчу жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз почтасынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, ошондой эле электрондук соода тармагында иш алып барган 35тен ашуун логистикалык жана транспорттук компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — логистикалык борбордун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, электрондук соода жана логистикалык инфраструктуранын негизги багыттарын талкуулоо болду.
Катышуучулар логистикалык процесстерди консолидациялоо, айрыкча трансчек аралык соодада бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана операторлорду бирдиктүү жайга көчүрүү маселелерин карашты. Кыргыз Почтасынын Кытай, АКШ жана Германиядагы кампа инфраструктурасын биргеликте пайдалануу сунушу да чоң кызыгуу жаратты.
Жолугушууда жаңы автоматташтырылган сорттоо линиясы менен Face ID технологиясы — кардарларды тез жана коопсуз идентификациялоо чечими иш жүзүндө көрсөтүлдү. Иш-чара конструктивдүү жана жемиштүү өтүп, мындан аркы кызматташтык үчүн жол ачты.



