“Кыргыз почтасы” ААК жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган балдар арасында дилбаян жазуу сынагына каттарды кабыл алуу 22-октябрда токтотулган. Учурда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жазган дилбаяндар атайын дайындалган комиссия тарабынан текшерилүүдө. КР боюнча жалпысынан 1500ге жакын “Баланын күнүмдүк укуктары”- темасында жазылган каттар кыргыз почтасына келип түшкөн.

Белгилей кетсек сынактын жыйынтыгы 2024-жылдын 20-ноябрында “Бүткүл дүйнөлүк балдардын укуктары”- күнүнө карата чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат. Анда 1-2-3- орун ээлерине баалуу белектер ЮНИСЕФ тарабынан тапшырылат.