Бүткүл дүйнөлүк Почта Союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган мектеп окуучулары арасында дил баян жазуу сынагына каттарды кабыл алуу 2025-жылдын 7-апрелинде токтотулган.

Учурда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жазган дилбаяндар атайын дайындалган комиссия тарабынан текшерилүүдө.

КР боюнча жалпысынан 5000ге жакын “Өзүңүздү океан деп элестетиңиз”- темасында жазылган каттар кыргыз почтасына келип түшкөн.

Белгилей кетсек сынактын райондук деңгээлдеги жыйынтыгы 2025-жылдын 25-майына чейин аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Ал эми Республикалык деңгээлдеги жыйынтык 9-октябрь Дүйнөлүк почта күнүнө карата аныкталып, анда 1-чи, 2-чи жана 3-чу орун ээлерине баалуу белектер «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан тапшырылат.