“Кыргыз почтасы” ААКнун инвестиция жана өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери Рустам Ускенбаев 1-майда Кыргыз почтасынын желегин деңиз деңгээлинен 4202метр бийиктикте жайгашкан “Комсомолец” чокусунда желбиретти. Рустам буга чейин альпинизм менен алектенген эмес. Бул анын багындырган биринчи чокусу.
Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясы жыл сайын Бишкек шаарында май айынан баштап альпиниада өткөрөт. Ал Комсомолец чокусуна массалык көтөрүлүш менен башталат. Бул жылы Рустам Ускенбаев федерацияга мүчө болууну чечкен.

Анын айтымында даярдыксыз чокуга чыгуу оңой болгон эмес, бирок аны багындырган өзгөчө ырахат жана өзүнө болгон ишенимди тартуулаган. Мындан ары альпинизм менен кызуу алектенип, кыргыз почтасынын желегин мындан да бийик чокуларда желбиретүүнү максат кылганын кошумчалады.