Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен Pakistan Post эл аралык почта кызматтары, логистика жана трансчек аралык электрондук коммерция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири B2C, C2C жана B2B форматтарындагы электрондук коммерциялык жөнөтүүлөрдү жеткирүүнү уюштуруу, ошондой эле EMS кызматын, кат-кабарларды жана посылкаларды жеткирүү кызматтарын өнүктүрүү болот. Өзгөчө көңүл Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистанга почта жөнөтүүлөрүн жана электрондук коммерциялык жүктөрдү автомобиль транспорту менен транзиттик ташууну өнүктүрүүгө бурулат. Бул үч өлкөнү байланыштырган жаңы эл аралык логистикалык багытты түзүүгө мүмкүндүк берет.

Pakistan Post менен өнөктөштүк “Кыргыз почтасы” ААК үчүн эл аралык логистиканы кеңейтүүгө, электрондук коммерция кызматтарын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын аймактык транспорттук-логистикалык каттамдардагы ролун бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.