“Кыргыз почтасы” ААК, “Нарын” ЭЭА жана “Кашгар” ЭЭА ортосунда түзүлгөн “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында Нарын облусуна автомобилдерди курай турган завод ачылат. Заводду ачуу иштерин баштоо үчүн Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев ортосундагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду.

Авто машина курай турган заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр 24-апрель “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы кеңсесинде 25-апрель Нарын жергесинде уланып, натыйжада Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытай инвесторлоруна Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод кура турганга ылайыктуу жер тилкелери каралууда. Жери аныкталса завод куруу иштери башталат. Завод курулуп бүтсө Кыргызстандын бренд белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автомашиналар куралып чыга баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейинки жумуш орундары түзүлөт.