28-апрель Бишкек шаарында электрондук коммерцияга көмөк көрсөтүү, ишкерликти онлайн тармагында өнүктүрүүгө дем берүү, экспортту ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү B2B жана B2C платформасы аркылуу ишке ашырууну өнүктүрүу максатында Кыргызстандагы электрондук коммерцияга арналган кезектеги бизнес форум өткөрүлдү. Иш чара Табарман “Кей Джи”ЖЧКнын колдоосу менен “Кыргыз почтасы” ААК, Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Иш чарада маркетплейстердеги бизнестин маанилүү аспектилерине, көйгөйлөрүнө, келечегине жана тренддерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын алкагында товар өндүрүүчүлөрдүн, банк, логистика жана башка айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүчү компаниялардын көргөзмөсү да болду. Форумдун жыйынтыгы боюнча электрондук коммерция рыногунда иштеп жаткан ишкерлерге жана компанияларга номинациялар тапшырылды.