“Кыргыз почтасы” ААКму Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен жыл сайын мектеп окуучуларынын арасында дилбаян жазуу сынагын өткөрүп келет.

2024-жылы “Келечек муундарга, мурас катары калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жазыңыз”-деген темада эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы өткөрүлгөн. Конкурстун жеңүүүлөрү аныкталып, анын арасынан 14 жаштагы Аяна Жолонованын дилбаяны кыргыз почтасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн.

Учурда 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан жеңүүчү аныктала элек бирок Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыялады. Кыргыз окуучусунун дүйнөлүк деңгээлдеги сынакта көзгө түшүүсүнө себепчи болуу бул кыргыз почтасы үчүн чоң жетишкендик. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКму Аяна Жолонованын байгелүү орунду алышына тилектештигин билдирет.

“Кыргыз почтасы” ААКму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн Аяна Жолоновнын дилбаяны төмөндөгүчө жазылган.

“ Жалал-Абадда кереметтүү Сары-Челек көлү бар. Бир жылдан кийин, балким, бир кылымдан кийин бул кереметтүү сулуулукка таш ыргытып жатып суктанасыз. Бирок канча убакыт өтсө да, сенден кийинки муундун да суктанууга укугу бар экенин жана сенин муунуңда бул көлдөрдү эч кандай зыянсыз калтырууга милдеттүү экениңди ар дайым эстен чыгарба”.