Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулуктун ортосунда 40тан ашык документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзгөн эки тараптуу документтерге энергетика, машина куруу, логистика, соода, тоо-кен тармагы сыяктуу тармактарда кол коюлду.

Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты. Алар өз тармактары боюнча В2В форматында жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карашты. “Эки өлкө, эки Парк”демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз почтасы ААК, Кашгар КЭР экономикалык өнүктүрүү зонасын башкаруу боюнча комитети жана КЭР инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча Кашгар кытай-кыргыз компаниясы менен бирдикте бир катар долбоорлор боюнча алкактык макулдашууга кол коюшту.

Долбоорлор регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, Нарын ЭЭА аймагында бизнес үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, Кыргызстандын рыногун өз автомашиналары менен толтурууга жана аларды экспорттоого жардам берет.