«Кыргыз почтасы» ААК автоунаа ээлери үчүн жаңы кызматтын башталганын кабарлайт: эми автограждандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин өлкө боюнча бардык почта бөлүмдөрүнөн тариздөөгө болот.

2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда ОСАГО полисисиз автоунаа айдаган жарандарга айып пул салынат. Убакытты текке кетирбеңиз — милдеттүү камсыздандырууну жакынкы почта бөлүмүнөн азыр эле жүргүзүңүз!

ОСАГО деген эмне?
Бул — жол кырсыгы болгон учурда башка адамдарга келтирилген зыянды жабуу үчүн автоунаа ээси тарабынан алынуучу милдеттүү камсыздандыруу. Эгерде сиз кырсыктын күнөөкөрү болуп калсаңыз, ОСАГО жабыр тарткан тараптын автоунаасына, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген чыгымды жабат.

Эмне үчүн “Кыргыз почтасын” тандоо керек?

  • Камсыздандырууну тез жана ыңгайлуу тариздөө
  • Өлкө боюнча 800дөн ашуун бөлүмдөр бар
  • Узун кезек жок
  • Тажрыйбалуу адистер кеңеш берет
  • Үйлөрдү камсыздандыруу (ОСЖ) жана кыймылсыз мүлк боюнча полистер дагы жеткиликтүү
  • Мамлекеттик кепилдик жана ишеним

«Кыргыз почтасы» ААК ар дайым заман талабына жараша кызматтарын кеңейтип, элге ыңгайлуу жана жеткиликтүү болууга аракет кылууда.

Жакынкы почта бөлүмүнө кайрылып ОСАГО жана башка камсыздандыруу кызматтарын пайдаланыңыз — оңой, ишенимдүү жана үйүңүзгө жакын жерде!