2024-жылдын 25-апрелинде ААК «Кыргыз почтасы» жылдык жалпы акционерлер жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Цифрдык өнүктүрүү министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин өкүлдөрү, почтанын акционерлери катары, катышышты. ААК «Кыргыз почтасы» башкы директору Марат Черикчиев 2023-жылга карата аткарылган иш-аракеттер тууралуу доклад жасады.

Жалпы жыйында күн тартибинде каралган бир катар маселелер акционерлер тарабынан бир добуштан кабыл алынды, анын ичинде ААК «Кыргыз почтасы» башкы директору Марат Черикчиевди кайрадан дайындоо боюнча чечим жана 2023-жылга карата каржы-ишкердик ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен алынган пайдадан почта тармагын өнүктүрүүгө каражат калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды.