Белгилүү кыргыз жазуучусу Бактыбек Максүтов кыргыз элинин баа жеткис мурасы – “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун прозалык варианттарынын, ошондой эле тарыхтагы эң маанилүү окуяларды чагылдырган бир катар китептердин автору.
Максүтовдун олуттуу эмгектеринин бири «Кызыл кыргын, кандуу кармаш» аттуу эмгегинде 1916-жылдагы Үркүн окуясын терең изилдеп, ошол кездеги эң оор окуяларды, элдин тагдырын сүрөттөйт.
Мындан тышкары жазуучу «Манас» эпосунун 12 томдук прозалык вариантын жана мектеп окуучулары үчүн «Эр Төштүк» китебин чыгарып, жаштарды тарбиялоого зор салым кошуп, алардын улуттук мураска, тарыхка көңүлүн бурду.
Бактыбек Максүтовдун жогорудагы жана башка эмгектерин азыр Кыргызстандын бардык почта бөлүмдөрүнөн сатып алууга болот.
Максүтовдун китептери улуттук тарыхты, каада-салтты жана руханий дөөлөттөрдү сактоодо жана келечек муундарга жеткирүүдө чоң роль ойнойт, ошондой эле окурмандардын кыргыз элинин маданияты жана эпосу менен терең таанышуусуна салым кошот.



