Бүгүн 12-сентябрь Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө 100 жылдык юбилейге арналган эстелик почта маркасына Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев мөөр басышты.

Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын тузулгендугунун 100 жылдыгына арналган почта маркасында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон чыгаан инсандар Ишеналы Арабаев, Айдарбек Иманалы, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков жана Жусуп Абдрахмановдун элеси чагылдырылган. Бул эстелик почта маркасы өткөн тарыхыбызды урматтоонун символу болуп, тарыхый окуянын маанилүүлүгүн эске салат.

Өз сөзүндө Марат Черикчиев “бул марка биздин өткөн тарыхыбызды таануунун жана урматтоонун символу болуп калат ошондой эле филателисттердин коллекцияларында жана Кыргызстандын бардык жарандарынын жүрөгүндө өзүнүн татыктуу ордун ээлейт”- деп кошумчалады.