2025-жылдын 15–19-август күндөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык облусунун Кашкар шаарында «Кашкар — Борбордук жана Түштүк Азия» аттуу 15-жолку эл аралык жарманке өтүп, 35тен ашуун өлкөдөн жана аймактардан 700дөн ашык компанияны чогултту.
«Кыргыз почтасы» ААКты жарманкеде башкы директордун орун басары Уулжан Масиянова жетектеген делегация тааныштырды. Иш-чаранын алкагында бир катар эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, трансчегаралык соода, логистика, электрондук соода жана кыргыз продукциясын сыртка илгерилетүү боюнча маселелер талкууланды.
2005–2024-жылдары жарманке үзгүлтүксүз 14 жолу өткөрүлүп, өнөктөштүк, тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу үчүн маанилүү платформага айланган. Ар жылы ондогон өлкөлөрдөн келген делегациялар менен компанияларды кабыл алып келет.
Кашкар — «Жибек жолунун» стратегиялык түйүнү жана Кытайдын Борбордук жана Түштүк Азияга чыгуучу негизги дарбазасы. Бул жарманкеге катышуу «Кыргыз почтасы» ААК үчүн эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргызстандын логистикалык интеграциясын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болуп калды.





