“Кыргыз почтасы” ААК 2025-жылы Дүйнөлүк почта союзунун (ДПС) Почта кызматтарынын сапатын жакшыртуу фондунун колдоосу менен почта жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган ири долбоорду ийгиликтүү аяктады. Долбоордун жыйынтыктарын баалоо максатында Кыргызстанга ДПСнун Эл аралык бюросунун өкүлү келди.
Сапардын алкагында эксперт долбоордун негизинде сатып алынган автоунаалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын негизги багыттардагы пайдаланылышын текшерди. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык почта алмашуу жана логистика борбору (ЦМПОЛ), анын ичинде жаңы логистикалык борбор да текшерүүдөн өттү.
Долбоордун алкагында 18 даана LADA Largus автоунаасы алынган:
- 14 — Бишкектеги ЦМПОЛ үчүн
- 4 — Ош почтамты үчүн
Бул долбоор өлкөнүн почта инфраструктурасын чыңдоодо маанилүү кадам болуп, кызмат көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн, ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга өбөлгө болду. Анын жыйынтыгында жарандар менен ишкерлер үчүн почта кызматы дагы жеткиликтүүрөөк жана натыйжалуу болуп калды.



