Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында Төраганын алдындагы жаңы түзүлгөн Жаштар кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. “Жаштар диалогу – 2026” аталышындагы жолугушуу жаштар менен депутаттардын түз жана ачык баарлашуусуна арналды.

“Кыргыз почтасы” ААКнын административдик-чарбалык иш башкармалыгынын адиси Темирбек уулу Саламат жыйынга катышып, жаштардын сунуш-демилгелерин талкуулоого өз салымын кошту.

“Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлеринин коомдук жана мамлекеттик демилгелерге активдүү катышуусун колдойт жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди маанилүү деп эсептейт.