“Кыргыз почтасы” ААКтын Ички коопсуздук кызматынын кызматкери Кенчибек Сокубашев спорттук нарда оюну боюнча эл аралык турнир — Азиянын Гран-присине ийгиликтүү катышып, жогорку жыйынтык көрсөттү. Турнир Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн.
Мелдешке ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү оюнчулар, анын ичинде дүйнө чемпиондору жана наамдуу спортчулар катышты. Жогорку атаандаштыкка карабастан, Кенчибек Сокубашев ишенимдүү оюн көрсөтүп, узун нарда дисциплинасы боюнча эң күчтүү беш оюнчунун катарына кирди.
Бул жыйынтык өзгөчө мааниге ээ, анткени спортчу мындай деңгээлдеги мелдешке биринчи жолу катышкан. Мелдештин жүрүшүндө ал көп жылдык тажрыйбасы бар күчтүү атаандаштарын да жеңе алды.
“Кыргыз почтасы” ААК кызматкеринин жетишкендигин жогору баалайт, анткени ал Кыргыз почтасын гана эмес эл аралык аренада Кыргыз Республикасын да татыктуу тааныта алды.



