Дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата “Кыргыз почтасы” ААКнын “Эл аралык почта алмашуу жана логистика борбору” филиалынын кызматкерлеринин арасында конкурс өткөрүлдү.
Конкурс “Коопсуз эмгек — ийгиликтин кепилдиги” темасында өтүп, анын алкагында катышуучулар эмгекти коргоо эрежелери, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу, биринчи жардам көрсөтүү жана башка багыттар боюнча даярдыктарын көрсөтүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында атайын дайындалган комиссия жеңүүчүлөрдү аныктап, бардык командалар активдүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.







